Урматтуу энергетика тармагынын ардагерлери жана кызматкерлери!
Сиздерди Кыргызстандагы энергетиктердин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Энергетика тармагы — өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги тиреги болуп саналат. Сиздердин талыкпас эмгегиңиздердин, жогорку кесипкөйлүгүңүздөрдүн жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздердин аркасында калкыбыз жарык, жылуулук жана туруктуу энергия менен камсыз болуп келет.
Өз ишине берилгендик менен мамиле кылган энергетиктердин салымы мамлекетибиздин өнүгүшүнө зор экенин өзгөчө белгилеп кетким келет. Кыйынчылыктарга карабастан, сиздер заман талабына ылайык иш алып барып, тармакты өнүктүрүүгө, жаңы технологияларды киргизүүгө жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга чоң салым кошуп жатасыздар.
Бул майрам күнү сиздерге бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, тынчтык жана мол ийгиликтерди каалайм. Эмгегиңиздер ар дайым бааланып, иштериңиздер жемиштүү болсун!
Терең урматтоо менен,
Н. Нишанов
«Кыргызнефтегаз» ААКнын
Башкармалыгынын төрагасы