«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгына караштуу имараттар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгына караштуу эскилиги жеткен имараттарда капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Узак убакыттан бери ремонтко муктаж болуп келген ишкананын башкы кеңсеси жаңыланып, оңдоо иштеринин алкагында имараттын сырткы тосмолору жана инфраструктурасы заманбап талаптарга ылайык иретке келтирилди.
Аталган иштер ишкана жетекчиси Нургазы Нишановдун тапшырмасынын негизинде аткарылды.
Белгилей кетсек, буга чейин «Кыргызнефтегаз» ААКга караштуу балдар бакчалары, лагерлердеги имараттар, маданий мекемелер, пансионаттар жана мекеме кеңселери да этап-этабы менен толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.