Урматтуу жарандар!
Заманбап технологиялардын өнүгүшү менен алдамчылар жасалма интеллекттин (deepfake) жардамы аркылуу белгилүү адамдардын, анын ичинде Президенттин атынан жасалма видео кайрылууларды таратып жатышат.
Мындай видеолордун негизги максаты — жарандарды адаштыруу, ишенимине кирүү жана акча каражаттарын которууга же жеке маалыматтарын берүүгө түртүү.
“Кыргызнефтегаз” ААК расмий түрдө маалымдайт:
• Белгисиз жана ишенимсиз булактардагы видеолорго ишенбеңиздер;
• Маалыматты мамлекеттик органдардын жана расмий мекемелердин ишенимдүү булактарынан гана текшериңиздер;
• Шектүү шилтемелерге өтпөңүздөр;
• Интернеттеги видео кайрылууларга таянып акча которбоңуздар жана жеке маалыматтарыңызды бербеңиздер.
Алдамчылар жарандардын ишенимин пайдаланышат. Сак болуңуздар, маалыматты ар дайым текшерип туруңуздар жана алданбаңыздар!
"Кыргызнефтегаз" ААКнун басма сөз кызматы.https://www.facebook.com/reel/1443449174233420f