“Кыргызнефтегаз” ААКнын Директорлор кеңешинин чечими менен Акционердик Коомдун башкармалыгынын төрагасы болуп Самсаалы Четимбаев шайланды.
Четимбаевдин талапкерлиги Коомдун негизги акционери — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан сунушталып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашылган.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатка Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бекзат Абдикахаров тааныштырды.
Директорлор кеңеши тарабынан жаңы жетекчиликтин алдына өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоо, мунай жана газ казып алуу көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле башкаруу процесстерине заманбап санариптик технологияларды киргизүү боюнча милдеттер коюлду.
«Кыргызнефтегаз» ААК стратегиялык мааниге ээ ишкана болуп саналат жана өлкөдөгү ири салык төлөөчүлөрдүн бири катары Кыргыз Республикасынын түштүк аймагынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт.
Маалымат үчүн:
Самсаалы Четимбаев 2024-жылдын 9-апрелинен тартып Государственная ипотечная компания ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөсү кызматын аркалап келген.
Буга чейин, 2021-жылдын 22-декабрынан тартып Коомдун башкармалыгынын төрагасы кызматын Нургазы Нишанов ээлеп келген.