"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

«Кыргызнефтегаз» ААКсында башкармалыктын жыйыны өттү

03-03-2026 Модератор

«Кыргызнефтегаз» ААКсында башкармалыктын жыйыны өттү

Кыргызнефтегаз акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаев жетекчилик курам менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы талкууланып, ар бир багыт боюнча маалыматтар угулду. Төрага өндүрүш көлөмүн көбөйтүү боюнча конкреттүү пландарды белгилеп, тиешелүү жетекчилерге милдеттерди жүктөдү.

Ошондой эле ишкананын каржылык абалын чыңдоо, төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү жана финансылык тартипти бекем сактоо боюнча катуу талаптар коюлду.

Кадр саясатына өзгөчө көңүл бурулуп, жумушка кабыл алуу сынактын негизинде түзүлгөн комиссия аркылуу ачык-айкын жүргүзүлүшү керектиги баса белгиленди. Ишке алууда туугандык же тааныштык мамилелерге жол берилбестиги эскертилди.

Мындан тышкары, ишканада иш кагаздары расмий тилде жүргүзүлөрү белгиленип, мамлекеттик тилди колдонуу учурдун талабы экени жана бардык иш кагаздары кыргыз тилинде жазылышы зарылдыгы айтылды.

Төрага Самсаалы Четимбаев ишкананын ишмердүүлүгүн санариптештирүү багытындагы иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал өндүрүштүк процесстерди, каржылык эсеп-кысапты жана кадрдык иш кагаздарын заманбап маалыматтык технологиялардын негизинде жүргүзүү натыйжалуулукту жогорулатып, ачык-айкындуулукту камсыздай турганын айтты.

Бул багытта тиешелүү адистерге конкреттүү тапшырмалар берилип, санариптик системаларды этап-этабы менен киргизүү, маалымат базасын бирдиктүү платформага топтоо жана кызматкерлерди жаңы программалар менен иштөөгө окутуу милдеттендирилди. Ошондой эле аткарылып жаткан иштердин жүрүшү туруктуу көзөмөлгө алынып, белгиленген мөөнөттө жыйынтык чыгаруу талап кылынды.

Самсаалы Четимбаев ар бир кызматкер өз милдетин так жана жоопкерчиликтүү аткарууга, ошондой эле өндүрүштөгү коопсуздук эрежелерин сактоого милдеттүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары, өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан мамлекетти энергетикалык коопсуздукка жеткирүү багытында коюлган стратегиялык максаттардын алкагында ишканага чоң милдеттер жүктөлгөнү айтылды.

Жыйын соңунда төрага жамааттын ынтымактуу жана биргелешкен иш-аракеттери аркылуу ишкананы өнүктүрүп, алдыга жылдырууга ишенимин билдирди.

«Кыргызнефтегаз» ААКнын басма сөз кызматы