Урматтуу мекендештер!
Сиздерди 5-март — Ак калпак күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Ак калпак — бул кыргыз элинин байыртан берки ыйык мурасы, улуттук сыймыгы жана ата-бабаларыбыздан калган улуу символ. Ал биздин тарыхыбызды, маданиятыбызды, нарк-насилибизди жана улуттук биримдигибизди даңазалап турат. Ак калпакты аздектөө — бул улуттук баалуулуктарыбызды сактоо жана кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берүү дегенди билдирет.
Кыргыз элинин ак калпагы ар дайым бийик болуп, элибиздин намысы, ынтымагы жана бакубат жашоосу бекем болсун!
Бардыгыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгилик каалайм.
Ак калпагыбыз ар дайым бийик болсун!
Урматтоо менен,
"Кыргызнефтегаз" ААКнын башкармалыгынын төрагасы
Самсаалы Четимбаев