"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

«Кыргызнефтегаз» ААКда 8-Март майрамы белгиленди

08-03-2026 Модератор

«Кыргызнефтегаз» ААКда 8-Март майрамы белгиленди

«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаев баштаган мырзалар жамааты компанияда эмгектенген айымдарды 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттукташты.

Майрамга карата уюштурулган чакан салтанатта жетекчилик тарабынан жылуу каалоо-тилектер айтылып, айымдардын коомдогу жана өндүрүштөгү орду өзгөчө белгиленди. 

Иш-чаранын жүрүшүндө айымдарга майрамдык гүлдөр тапшырылып, жакшы маанай тартууланды.

Мекеменин мырзалары айымдарды жаздын көркү болгон бул майрам менен дагы бир ирет куттуктап, аларга чың ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөлүк ынтымак жана жумушунда ийгиликтерди каалашты.