“Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаев эмгек жамааты менен жолугушту
“Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыгынын төрагасы С. Четимбаев Кыргыз бургулоо башкармалыгынын эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө жаңы кызматка киришкен Самсаалы Четимбаев коллектив менен таанышып, ишкананын учурдагы абалы жана алдыдагы өнүгүү багыттары тууралуу маалымат берди.
Төраганын айтымында, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун көзөмөлү жана тапшырмаларынын негизинде ишкананы мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар пландар ишке ашырылат.
Төрага ишкананы толук санариптештирүү, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, өндүрүштөгү коопсуздукту күчөтүү жана жоопкерчиликти жогорулатуу багытындагы иштер улантыларын белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө кызматкерлер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты. Анда айлык маянаны жогорулатуу, кызматтык кийимдердин сапатын жакшыртуу, жумуштагы коопсуздукту камсыздоо сыяктуу бир катар маселелер көтөрүлдү.
Самсаалы Четимбаев айтылган сунуш-пикирлер жана көйгөйлөр этап-этабы менен чечилерин билдирип, ар бир кызматкердин кайрылуусун угууга дайым даяр экенин, ишкананын эшиги эмгек жамааты үчүн ар дайым ачык экенин белгиледи.