Самсаалы Четимбаев Нефти жана газ өндүрүү башкармалыгынын жамааты менен жолугушту
“Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаев Нефти жана газ өндүрүү башкармалыгынын эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө ишкананын учурдагы абалы жана алдыдагы милдеттер талкууланды. Төрага өлкө башчысы тарабынан коюлган тапшырмаларды аткарууда жамааттын биргелешип, жоопкерчилик менен иш алып баруусу маанилүү экенин белгиледи.
Самсаалы Четимбаев мурда жоюлуп кеткен квартал сайын берилчү тамак-аш үчүн каражатты кайра калыбына келтирүү чечими кабыл алынганын билдирди. Бул чечимди кызматкерлер жылуу кабыл алып, колдоо көрсөтүштү.
Жолугушууда ошондой эле кызматтык кийимдерди жууп-тазалоо кызматын кайра жандандыруу маселеси көтөрүлдү. Төрага С. Четимбаев тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырма берип, бул маселени чечүүнү милдеттендирди.
Мындан тышкары, кызматтык автоунааларды жаңылоо, Манас шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо иштеринин жүрүшү жана жумушка кабыл алууда кесипкөй адистерди тандоо тартибин өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылды.
Жыйынтыгында Самсаалы Четимбаев кызматкерлер тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелер каралып, этап-этабы менен чечилерин белгилеп, жамааттын сунуш-пикирлерин угууга ар дайым даяр экенин билдирди.