«Кыргызнефтегаз» ААКсында профсоюз төрагасынын жумушчулар менен жолугушуусу өттү
«Кыргызнефтегаз» ААКсынын профсоюз уюмунун төрагасы Урмат Турдалиев Нефть жана газ өндүрүү башкармалыгында эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө профсоюз уюму тарабынан аткарылган иштер боюнча отчеттук маалыматтар берилди. Ошондой эле кызматкерлер менен пикир алышуу жүрүп, алардын суроолоруна тиешелүү жооптор кайтарылды.