"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

С. Четимбаев: Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Геологдор күнү менен чын дилимден куттуктайм!

05-04-2026 Модератор

Урматтуу геологдор, кымбаттуу тармактын ардактуу кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Геологдор күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Геология — бул терең билимди, чоң жоопкерчиликти жана тынымсыз изденүүнү талап кылган өзгөчө маанилүү тармак. Сиздердин талыкпас эмгегиңиздердин аркасында өлкөбүздүн жер казынасы изилденип, мунай-газ ресурстары табылып, экономиканын өнүгүшүнө чоң салым кошулуп келет.

Самсаалы Четимбаев белгилегендей, геологдордун кесипкөйлүгү, тактыгы жана эмгекчилдиги — “Кыргызнефтегаз” ААКсынын ийгиликтүү ишмердүүлүгүнүн негизги таянычы болуп саналат.

Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу ишиңиздерде жаңы ийгиликтерди каалайм! Өлкөбүздүн өнүгүшү жолундагы эмгегиңиздер ар дайым жогору баалансын!

Урматтоо менен,
“Кыргызнефтегаз” ААК
Башкармалыгынын төрагасы
Самсаалы Четимбаев