2026-жылдын 1-кварталынан тартып “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун кызматкерлерине тамак-аш үчүн ар 3 ай сайын берилүүчү жөлөкпул кайрадан төлөнүп баштады.
Тиешелүү буйрукка аталган ААКнын төрагасы С. Четимбаев кол койду.
Максат – кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртуу, жигердүү эмгектенүүгө мотивациялоо жана иш шарттарды оптималдаштыруу. Ошондой эле эмгек жамаатынын социалдык жактан корголушу чыңдалат.
Кабыл алынган чечимге ылайык, компаниянын кызматкерлерине квартал сайын кошумча материалдык колдоо көрсөтүү улантылат жана тамактанууга байланышкан чыгымдар жеңилдетилет.