"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

«Кыргызнефтегаз» ААК: 1-кварталдын жыйынтыгы боюнча жумушчулар менен жолугушуулар өткөрүлдү

14-04-2026 Модератор

«Кыргызнефтегаз» ААК: 1-кварталдын жыйынтыгы боюнча жумушчулар менен жолугушуулар өткөрүлдү
 
2026-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы С. Четимбаев коомдун курамындагы бардык ишканаларды кыдырып, эмгек жамааттары менен жолугушууларды өткөрдү.
 
Жолугушуулардын жүрүшүндө 1-кварталда аткарылган өндүрүштүк иштер талкууланып, ишкананы өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат берилди.
 
Ошондой эле кызматкерлер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты. Жумушка байланышкан айрым көйгөйлөрдү жеринде чечүү боюнча тиешелүү адистерге тапшырмалар берилди.