ЖАРЫЯ!
ОАО «Кыргызнефтегаз» ишканасынын мунай жана газ өндүрүү башкармалыгы административдик-чарбалык кызматка караштуу кызматтык жайларды тазалоочу жумушчу кесиби боюнча бош кызмат ордун толтуруу үчүн конкурс жарыялайт — 1 бош орун.
Талаптар:
-
орто же орто кесиптик билим.
Кызматтык милдеттери:
-
ички эмгек тартибинин негизги эрежелерин сактоо;
-
тазалоо иштерин жүргүзүүдө эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо;
-
жумушчу кабинеттерди, кабыл алуу бөлмөсүн жана башка кызматтык жайларды тазалоо;
-
коридорлорду, тепкичтерди жана башка жалпы пайдалануудагы аймактарды тазалоо;
-
санитардык түйүндөрдү санитардык тазалоо жана тазалоо шаймандарын жуу;
-
тазалоо учурунда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
-
конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;
-
эки сүрөтү тиркелген анкета;
-
паспорттун көчүрмөсү;
-
билими тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;
-
эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
-
жоюлбаган же алынбаган соттуулугу жок экендигин тастыктаган документ.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер ОАО «Кыргызнефтегаз» мунай жана газ өндүрүү башкармалыгынын кадрлар бөлүмүндө жарыя сайтта жарыяланган күндөн тартып 2026-жылдын 09-февралына чейин (кошуп эсептегенде), саат 8:00дөн 17:00гө чейин кабыл алынат.
Дарек: Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 1.
Конкурс 2026-жылдын 11-февралында, саат 14:00дө, ОАО «Кыргызнефтегаз» мунай жана газ өндүрүү башкармалыгында өтөт.
Дареги: Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 1.