ЖАРЫЯ!
ОАО «Кыргызнефтегаз» ишканасынын мунай жана газ өндүрүү башкармалыгы электр жабдуулары жана электр менен камсыздоо участогуна караштуу бош жумуш ордун толтуруу үчүн
«Мунай жана газ казып алуу участкаларында түздөн-түз иштеген электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электромонтёр (2-разряд)» жумушчу кесиби боюнча конкурс жарыялайт — 1 бош орун.
Талаптар:
-
жалпы орто, орто техникалык же орто кесиптик билим;
-
бул адистик боюнча кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы же энергетика багыты боюнча жогорку билим жөнүндө диплом.
Кызматтык милдеттери:
-
ведомстволук электр станцияларында, трансформатордук электр станцияларында чыңалуудан толук ажыратуу менен электр тармактарында ыкчам которууларды жүргүзүү, жөнөкөй иштерди аткаруу;
-
1000 Вольтко чейин жана андан жогору болгон электр жабдууларын оңдоого, кароого жана техникалык тейлөөгө катышуу, ошондой эле электр приборлорун ажыратуу, чогултуу, жөнгө салуу жана тейлөө иштерин аткаруу.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
-
конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;
-
эки сүрөтү тиркелген анкета;
-
паспорттун көчүрмөсү;
-
билими тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;
-
эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
-
аскердик билеттин көчүрмөсү;
-
жоюлбаган же алынбаган соттуулугу жок экендигин тастыктаган документ.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер жарыя ОАО «Кыргызнефтегаз» сайтына жарыяланган күндөн тартып 2026-жылдын 09-февралына чейин (кошуп эсептегенде), саат 8:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 1, ОАО «Кыргызнефтегаз» мунай жана газ өндүрүү башкармалыгынын кадрлар бөлүмү.
Конкурс 2026-жылдын 11-февралында, саат 14:00дө, ОАО «Кыргызнефтегаз» мунай жана газ өндүрүү башкармалыгында өтөт.
Дареги: Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 1.