ЖАРЫЯ!
«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому механикалык устаканаларга түздөн-түз бургуулардагы жабдууларды оңдоо иштери менен алектенген слесарь-ремонтчу (3-разряд) кесибине 1 (бир) бош орун бар экенин маалымдайт.
Талаптар:
-
иш багыты боюнча орто-кесиптик (техникалык) билим;
-
слесарь-ремонтчу күбөлүгүнүн (удостоверение) болушу;
-
практикалык иш тажрыйбасы — кеминде 3 жыл;
-
оңдоо иштеринде тажрыйбасы болушу;
-
чиймелерди, пландарды жана схемаларды окуй билүү;
-
оңдоло турган жабдуулардын, агрегаттардын жана машиналардын конструкциялык өзгөчөлүктөрүн билүү;
-
жабдууларды, агрегаттарды жана машиналарды оңдоо, чогултуу, сыноо, жөндөө жана туура орнотуу боюнча техникалык шарттарды билүү;
-
жабдууларды оңдоонун, чогултуунун жана орнотуунун технологиялык процесстерин билүү;
-
деталдардын мөөнөтүнөн мурда эскиришин аныктоо ыкмаларын билүү;
-
токарь, фрезердик, бургулоо жана түтүк жип кесүүчү станокторду (станок жөндөөчү катары) жөндөөнү жана оңдоону билүү жөндөмү артыкчылык берет;
-
жөндөмдүүлүктөр: үйрөнүүчүлүк, жоопкерчилик.
Кызматтык милдеттери:
-
татаал жабдууларды, агрегаттарды жана машиналарды оңдоо, орнотуу, демонтаждоо, сыноо, жөндөө жана оңдоодон кийин тапшыруу;
-
тетиктерди жана түйүндөрдү 6–7 квалитетке ылайык слесардык иштетүү;
-
түйүндөрдү жана жабдууларды тыгыз жана татаал отургузуу шарттарында ажыратуу, оңдоо жана чогултуу;
-
жабдуулардын техникалык абалын жана оңдоо иштеринин сапатын текшерүүгө катышуу;
-
жүк көтөрүүчү жана транспорттук механизмдерди, атайын шаймандарды колдонуу менен такелаж иштерин аткаруу;
-
ички эмгек тартибинин эрежелерин, эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы, өндүрүштүк санитария жана өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди сактоо.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
-
конкурс комиссиясынын төрагасынын атына жеке арыз;
-
эки сүрөт тиркелген анкета;
-
паспорттун көчүрмөсү;
-
билим берүү документтеринин көчүрмөлөрү;
-
эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
-
соттуулугу жоктугу тууралуу документ;
-
аскердик билеттин көчүрмөсү.
Конкурска катышуу үчүн документтер 2025-жылдын 20-октябрына чейин, саат 8:00дөн 17:00гө чейин,
ОАО «Кыргызнефтегаз» расмий сайтында жарыя жарык көргөн учурдан тартып төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Кочкор-Ата шаары, Транспортная көчөсү, 22, “КУБР” ОАО «Кыргызнефтегаз» кадрлар бөлүмү.
Конкурс 2025-жылдын 22-октябрында саат 14:00дө
ушул эле даректе — Кочкор-Ата шаары, Транспортная көчөсү, 22 — өтөт.