1-ОКТЯБРЬ — ЭЛ АРАЛЫК КАРЫЛАР КҮНҮ
Урматтуу улуу муундагы жарандар,
кадырлуу ата-энелер,
ак сакалдар жана ак жүздүү апалар!
Сиздерди бүгүнкү маанилүү күн — Карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Өмүрүңүздөрдү элиңиздерге арнап, кылган ак кызматтарыңыздар, төккөн териңиздер, берген насааттарыңыздар биздин бүгүнкү жетишкендиктерибизге негиз болуп келүүдө. Сиздердин тажрыйбаңыздар жана акылман кеп-кеңешиңиздер — коом үчүн орду толгус байлык.
«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому карыларды коомдун кымбат баалуу катмары катары көрүп, дайыма урмат-сый менен мамиле кылат. Биз үчүн сиздердин баталарыңыздар, ак ниетиңиздер — чоң күч жана дем.
Ар бир үйдө карысы болсо — ошол үйдө береке бар.
Ар бир элде улууга сый көрсөтүлсө — ал элде тилекке жетишкендик болот.
Сиздерге бекем ден соолук, тынчтык, жакындарыңыздын камкордугун жана көңүлүңүздөр тынч болуусун каалайм.
Урматтоо менен,
Нургазы Нишанов,
“Кыргызнефтегаз” ААКнын Башкармалыгынын төрагасы