"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

“Кыргызнефтегаз” ААК чек арадагы аскерлерге колдоо көрсөттү

26-09-2025 Модератор

БАТКЕН. 26-сентябрь, 2025-жыл — “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишановдун тапшырмасы менен Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кызмат өтөп жаткан аскерлерге гуманитардык жардам жеткирилди.

Азык-түлүк жардамын камтыган жүктөр Ак-Сарай чек ара заставасына жеткирилип, аскер кызматкерлерине тапшырылды. Компания бул кадамы менен чек арада кызмат өтөп жаткан жоокерлерге моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүүнү максат кылган.

Учурда Баткен облусунун Тажикстан Республикасы менен чектешкен аймактарында инженердик тосмо иштер кызуу жүрүүдө. Бул чек аранын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Белгилей кетсек, “Кыргызнефтегаз” ААК Баткен облусундагы Арка участкасында мунай өндүрүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Компаниянын төрагасы Нургазы Нишановдун айтымында, чек аранын бекемделиши — бул аймактагы тынчтык менен катар өндүрүштүк ишмердүүлүктүн да коопсуздугун камсыз кылат.

— Чек арадагы коопсуздук биз үчүн да абдан маанилүү. Анткени бул биздин өндүрүш жайларыбыз ушул аймактарда жайгашкан. Ошондуктан, жоокерлерге колдоо көрсөтүү — биздин жарандык парзыбыз, — деди Н.Нишанов