ЖАРЫЯ!
Ачык акционердик коом «Кыргызнефтегаз» капиталдык курулуш бөлүмүнө I категориядагы курулушту көзөмөлдөө боюнча инженер кызмат ордуна конкурс жарыялайт – 1 бош орун.
Квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
- «Өнөр жай жана жарандык курулуш», курулуш экономикасы, ПГС, имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо же ушул сыяктуу багыттар боюнча жогорку же орто кесиптик билим;
- сертификаттын болушу.
2. Эмгек стажы жана тажрыйбасы:
- долбоорлоо уюмдарында 3–5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, тиешелүү долбоорлоо программаларын билүү;
- техникалык көзөмөлдө иштеген тажрыйба артыкчылык болуп саналат.
3. I категориядагы курулушту көзөмөлдөө боюнча инженер төмөнкүлөрдү билиши керек:
- курулуш-монтаж иштерин көзөмөлдөө боюнча токтомдорду, буйруктарды, көрсөтмөлөрдү жана башка ченемдик документтерди;
- курулуш-монтаж иштеринин технологиясын;
- долбоордук-сметалык документтер менен иштөө эрежелерин;
- ишкананын профилин жана адистешүүсүн;
- курулуш иштеринин графиктерин, техникалык шарттарын;
- курулуш нормаларын жана эрежелерин;
- курулуш объектилерин тургузууда эмгекти уюштуруунун талаптарын;
- курулуш иштеринин технологиясын жана ыкмаларын;
- бүткөрүлгөн объекттерди кабыл алуу тартибин жана сапатын көзөмөлдөө ыкмаларын;
- долбоордук-сметалык жана техникалык документтерди тариздөө тартибин;
- жаңы курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды;
- келишимдерди түзүү жана аткаруу тартибин;
- имараттарды пландык-алдын алуучу оңдоо боюнча жоболорду;
- ички эмгек тартиби эрежелерин;
- эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы, өндүрүштүк санитария жана өрт коопсуздугу боюнча талаптарды.
Кызматтык милдеттери:
I категориядагы курулушту көзөмөлдөө боюнча инженер:
- курулуш-монтаж иштеринин жүрүшүнө техникалык көзөмөл жүргүзөт жана бүткөрүлгөн объекттерди кабыл алат;
- иштердин көлөмүн, мөөнөтүн жана сапатын, колдонулган материалдардын сапатын көзөмөлдөйт;
- иштер журналынын туура жүргүзүлүшүн камсыз кылат;
- объекттерди пайдаланууга кабыл алуу комиссияларына катышат;
- аткарылган иштердин сапатын эсепке алат;
- мамлекеттик комиссияга тапшыруу үчүн техникалык документтерди даярдайт;
- имараттардын техникалык абалын аныктоого катышат жана актыларды түзөт;
- капиталдык курулуш жана оңдоо иштеринин титулдук тизмелерин түзүүгө катышат;
- отчетторду (айлык, кварталдык, жарым жылдык, жылдык) даярдайт;
- бүткөрүлбөгөн курулуш иштерин эсепке алат;
- тышкы уюмдар менен кат алышат;
- подряддык келишимдерди түзүү үчүн документтерди даярдайт;
- конфиденциалдуулук режимин сактайт.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
- анкета (2 сүрөт менен);
- паспорттун көчүрмөсү;
- билим жөнүндө документтердин көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
- аскердик билеттин көчүрмөсү.
Документтер 2026-жылдын 17-апрелине чейин (саат 8:00дөн 17:00гө чейин) кабыл алынат.
Дареги: Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 44, «Кыргызнефтегаз» ААКнын расмий сайты жарыяланган күндөн тартып.Конкурс 2026-жылдын 21-апрелинде саат 14:30да
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкаруу аппаратында өтөт