"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК


Ж А Р Ы Я! «Кыргызнефтегаз» ААК нефть жана газ өндүрүү башкармасынын нефтини даярдоо жана жүктө участкасынын, «2 разряддагы товардык операторунун» бош жумушчу кесибин ээлөө үчүн жумушка кабыл алууну жарыялайт – 2 вакансия.
06-04-2026 Модератор

Ж А Р Ы Я!

          «Кыргызнефтегаз»  ААК   нефть  жана  газ   өндүрүү  башкармасынын   нефтини   даярдоо  жана  жүктө  участкасынын, «2 разряддагы товардык  операторунун»  бош жумушчу кесибин ээлөө үчүн жумушка кабыл алууну жарыялайт – 2 вакансия.

 

     Талаптар:

- жалпы орто  билим, атайын орто билим, жогорку техникалык билим

-  өндүрүштө  кесиптик  даярдыгы, иш стажы  талап  кылынбайт

 

    Кызматтык  милдеттери:

 

- эмгек  тартиби,  эмгекти  коргоо,  коопсуздук  чаралары,  биринчи  медициналык  жардам  көрсөтүү,  өрт  коопсуздугунун  негизги  эрежелери;

-трубопроводдун  бир тилкелүү  участогун, дарыялар  аркылуу өтүүчү  аба  өткөөлдөрүн,    суу  сактагычтарды,  скважиналарды, жапкычтарды  текшерүү  жана тейлөө;

-телемеханика  жана электр  жана  химиялык коргоо объекттерин  башкаруу   пунктарын  көзөмөлдөйт;

- дарыялардын,  скважиналардын  көп  тилкелүү  кесилиштериндеги  коммунакциялардын  схемасын  билүү;

-түтүктөрдөгү  басымды  көзөмөлдөөчу  жабдууларды  тейлөө.

 

  Конкурска  катышуу учун  төмөнку  документтер талап кылынат:

 

- конкурстук  комиссиянын төрагасынын атына жеке арызы;

- эки сүрөт  тиркелген  анкета;

- паспортун  көчүрмөсү;

- күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө  документтердин  көчүрмөлөрү;

- эмгек  китепчесинин  көчүрмөсү;

- жоюлбаган  же алып  салынбаган  соттолгондугу жок экендигин  ырастоочу    

  документ.

 

Конкурска  катышуу  үчүн зарыл  болгон документтер 22.04.2026-ж.дан чейин кабыл алынат. Кулактандыруу «Кыргызнефтегаз» ААКнын сайтында жарыяланган учурдан тартып саат 8:00дөн  17:00гө чейин Кочкор-Ата ш. Ленина к.-1 дареги боюнча документтер кабыл алынат.

 

 

Конкурс 24.04.2026-ж. саат 14.30  Кочкор-Ата шаарында, Ленин  көчөсү-1  «Кыргызнефтегаз» ААКнун нефть жана газ өндүрүү башкармасында  өткөрүлөт.