ЖАРЫЯ!
«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому капиталдык курулуш бөлүмүнө 2-категориядагы сметачы-инженер кызмат ордуна конкурс жарыялайт – 1 бош орун.
Квалификациялык талаптар:
- жогорку (кесиптик) же орто кесиптик билим;
- сметачы-инженер катары кеминде 1 жыл иш тажрыйбасы;
- компьютердик программаларды билүү жана долбоордук документтер менен PDF, DWG (AutoCAD же окшош программалар) форматында иштей билүү.
Кызматтык милдеттери:
- ФЕР, ТЕР, ГЭСН, ТСН (аймакка жараша) ченемдерин билүү;
- курулуштун наркын аныктоо методикасын билүү (МДС 81-35-2004 жана жаңыртылган редакциялары);
- сметалык документтерди түзүү жана текшерүү;
- иштердин көлөмүн жана материалдарды эсептөө;
- тендердик документтерди даярдоо;
- аткарылган иштерди кабыл алууга катышуу жана долбоордук документтерге шайкештигин көзөмөлдөө;
- атайын сметалык программалар менен иштөө ж.б.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жеке арыз;
- 2 сүрөт тиркелген анкета;
- паспорттун көчүрмөсү;
- билим жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
- аскердик билеттин көчүрмөсү.
Документтер 2026-жылдын 17-апрелине чейин (саат 08:00дөн 17:00гө чейин) кабыл алынат.
Дареги: Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 44, «Кыргызнефтегаз» ААК.
Конкурс 2026-жылдын 21-апрелинде саат 14:30да
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкаруу аппаратында өтөт.