ЖАРЫЯ!
«Кыргызнефтегаз» ААКнын нефть жана газ өндүрүү башкармасы электр жабдуулары жана электр менен камсыздоо участогунда нефть жана газ өндүрүү участкаларында түздөн-түз иштеген электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча 2-разряддагы электромонтер жумушчу кесибине кабыл алуу үчүн конкурс жарыялайт – 2 бош орун.
Талаптар:
- жалпы орто, орто техникалык же орто кесиптик билим;
- ушул адистик боюнча кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы же энергетика багыты боюнча жогорку билим тууралуу диплом.
Кызматтык милдеттери:
- ведомстволук электр станцияларында, трансформатордук подстанцияларда чыңалуудан толук ажыратуу менен жөнөкөй иштерди аткаруу жана электр тармактарында оперативдик которууларды жүргүзүү;
- 1000 Вольтко чейинки жана андан жогору электр жабдууларын оңдоого, текшерүүгө жана техникалык тейлөөгө катышуу;
- электр приборлорун ажыратуу, чогултуу, жөндөө жана тейлөө иштерин аткаруу.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жеке арыз;
- 2 сүрөт тиркелген анкета;
- паспорттун көчүрмөсү;
- билим жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- аскердик билеттин көчүрмөсү;
- соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Документтер 2026-жылдын 22-апрелине чейин (саат 08:00дөн 17:00гө чейин) кабыл алынат.
Дареги: Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 1, «Кыргызнефтегаз» ААКнын нефть жана газ өндүрүү башкармасынын кадрлар бөлүмү.
Конкурс 2026-жылдын 24-апрелинде саат 14:30да
Кочкор-Ата шаарында, Ленин көчөсү, 1 дарегинде өткөрүлөт.