"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

“Кыргызнефтегаз” ААКда эмгек жамаат менен жыйын болуп өттү

23-10-2025 Модератор

“Кыргызнефтегаз” ААКда эмгек жамаат менен жыйын болуп өттү
“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармалыгында эмгек жамаат менен чакан жыйындар болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө башкармалыктын төрагасы Нургазы Нишанов 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча аткарылган иштерге токтолуп, өндүрүштүк жана каржылык көрсөткүчтөр боюнча маалымат берди.
Ошондой эле ал КПК мунайды кайра иштетүүчү заводунун модернизациясы тууралуу айтып, жумуштар белгиленген план боюнча жүрүп жатканын белгиледи. Завод жаңылангандан кийин ишкананын кирешеси өсүп, жаңы өндүрүштүк деңгээлге чыгышы күтүлүүдө.
 Өндүрүштүк көрсөткүчтөр:
• Мунай өндүрүү: 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча иш жүзүндө 123 877,8 тонна мунай өндүрүлгөн.
• Табигый газ өндүрүү: План — 17 950,0 миң куб метр, иш жүзүндө — 18 885,0 миң куб метр, план 105% деңгээлде аткарылды.
• Бургулоо иштери: План — 39 017 погондук метр, иш жүзүндө — 48 015 погондук метр, план 123% менен аткарылды.
 Каржылык жыйынтыктар:
2025-жылдын тогуз айында таза пайда боюнча план 1 млрд 685 млн сом болсо, иш жүзүндө 1 млрд 783 млн сом болуп, план 106% деңгээлде аткарылды.
 Геологиялык бөлүмдүн маалыматы боюнча:
2025-жылдын 1-октябрына карата иштетилип жаткан кендерде:
• 862 мунай скважинасы,
• 11 газ скважинасы иштеп жатат.
Бир мунай скважинасы орточо суткасына 0,988 тонна мунай, ал эми бир газ скважинасы 6,2 миң куб метр газ өндүрүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан бир катар суроолор берилип, башкармалыктын төрагасы Нургазы Нишанов ар бир суроого жооп берип, тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырмалар берди.
Бул жыйын “Кыргызнефтегаз” ААКнын өндүрүш жана модернизация боюнча алдыга карай ишенимдүү кадамдар менен бара жатканын көрсөттү.