Дене тарбия даярдыгы боюнча жаңы талаптар иштелип чыкты!
“Кыргызнефтегаз” ААК Спорткомплексинде өрт өчүрүүчү бөлүктүн кызматкерлери жана Коопсуздук кызматынын кароолчулары үчүн дене тарбия даярдыгы боюнча талаптар жана нормативдер иштелип чыкты.
Методикалык адабияттар талданып чыгып, заманбап талаптарга жооп берген көнүгүүлөр жана машыгуу программалары түзүлдү.
Мындан тышкары, кызматкерлердин физикалык даярдыгын текшерүү максатында атайын нормативдерди тапшыруу иш-чаралары уюштурулуп, ийгиликтүү өткөрүлдү.
Бул демилге кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, ден соолугун чыңдоого жана өз кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткарууга өбөлгө түзөт.
Спорт – коопсуздуктун кепилдиги!