"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

Айыл Банк жана “Кыргызнефтегаз” спортту колдоо боюнча кызматташтыкты талкуулашты

24-10-2025 Модератор

Бүгүн Айыл Банк ААКсы менен “Кыргызнефтегаз” ААКсынын өкүлдөрүнүн ортосунда спортту, айрыкча футболду өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык маселелери боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Жолугушууга Айыл Банк ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Тилек Алимджанов жана “Кыргызнефтегаз” ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов катышты.

Иш-чаранын алкагында тараптар “Нефтчи” футболдук академиясын ар тараптан колдоо ниеттерин билдиришип, жаш спортчулар үчүн шарттарды жакшыртуу жолдорун талкуулашты.

Мындан тышкары, делегация “Нефтчи” футболдук академиясына жана “Нефтчи” аренасына барышты, анын ишмердүүлүгү менен «Нефтчи» профессионалдык футбол клубунун  аткаруучу директору Нурлан Джумабаев жеринде тааныштырды, жаш оюнчулар жана машыктыруучулар менен баарлашуу өттү.
Жолугушуунун соңунда жаш футболчуларга белектер тапшырылып, алардын мындан аркы оюндарына ийгилик каалашты.

Бул демилге спортту өнүктүрүү жана жаш таланттарды колдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.